Эрте туруп сергек жашоо

Жаштайыман эле уйкучумун. Илгери мектепке бараарда да күнүгө эртең менен айласыздан эле турганым эсимде. Кийин ЖОЖдо болсо, кудай жалгап, сабактар түшкө жакын убакытта болуп калды. Ошентип окуу жайды аяктап, иш менен алек болгондо деле ал адатым калган жок.

Биртоп жыл мурун “Бакубат жашоонун сыры”(фильм”Секрет”) аттуу тасманы көрүп калдым, андан кийин “жеке өнүгүү” боюнча ар кандай маалыматтарга кызыга баштадым. Анын ичинде “Эрте туруу менен сергек жашоо” сыяктуу макалалар дагы бар эле. Бала кезден “эрте туруунун маанисин” көп эле угуп келсем дагы, эмнегедир ал менин жашоомо эч тиешеси жоктой кош көңүл болуп келгенимди байкадым. Анан мен дагы “эл катары” эрте турганга көнүп, көп нерсеге жетишейин деген ой менен аракет кылып көрууну чечтим. Албетте аны иш жузунө ашыруу оной болгон жок, себеби буга чейин түнкүсүн кеч уктап, кеч турганга көнгөнмүн. Мисалы, студент кезден бери сабакты, же башка ишти кеч болгонго карабай кылып жатуу, же жөн эле кеч уктаган адатка айланган. Ал эми эртең мененки таттуу уйкудан калуу – бул мен учун бир “кереметтен” кур калганга барабар эле, ошондуктан эрте туруу оюма дагы келчү эмес.

Ошентип “жеке өнүгүү” боюнча ар кыл тасма жана адабияттарды көрүү менен адамдын жашоосунда “эрте туруп, эрте кыймылдоо” чоң мааниге ээ экенин биле алдым. Ошондой эле, “кеч жатып, кеч туруу” жаш өткөн сайын адамдын “энергиясын” азайтып, ал болсо түздөн-түз ден соолукка гана терс таасир этпестен, максатсыз жашоого жана жалкоолукка түртөөрүнө ынандым.

Ошондуктан ден соолукту чыңдоо үчүн, жана алдыга койгон ой-тилектерди ишке ашыруу үчүн “кеч жатып, кеч туруунун” ордуна “эрте жатып, эрте турууну” тандадым. Бул аракетимди ишке ашырууда мага жакшы таасир берген видео тасмалардан бул жерге кыстара кетейин.

Эрте туруп көп максаттарына жеткен, же эми аракет кылайын деген замандаштарга ийгилик каалап, ЧолпонК.

%d bloggers like this: