Ыраазычылык сезими адамды “НУР”га бөлөйт!

Ошондуктан күнүмдүк жашообузда “Ыраазычылыктын чыныгы күчүн” эстей жүрүүбүз маанилүү. Себеби адамдын көнүлү кайда болсо, ошол нерсе көбөйөт. Бул закон ченемдүү көрүнүш. Биз кааласак да, каалабасак да аткарылат.

Андыктан колдо бар нерсеге ыраазы болуу – бул көнүмүш адатга айлануусу абзел. Ошондо гана ыраазычылыкты ар бир жерден көрө алган касиетке ээ болобуз. Анын күчү менен ошондой жакшы нерселерди, окуяны, адамдарды өзүбүзгө тарта баштайбыз…

Тилекке каршы, “Азыр колдо жок болсо, эмнеге ыраазы болом?” деген суроо дагы жаралышы мүмкүн. Бул, сөзсүз эле, байлык эмес, ден-соолук, жакын адам ж.б. менен дагы байланыштуу.

Ошондуктан дароо чоң нерсеге эле эмес, жашообуздагы өтө майда көрүнүштөргө да “Ыраазычылыкты жөнөтүү” менен баштасак. Мисалы, сууктан кирип келгендеги жылуу уйгө, ысык чайга, мени күткөн же ойлогон адамдарга…

Бул блогду окуганыңызга ыраазычылык билдирип, ЧолпонК.

*Ыраазычылык сезими адамды “НУР”га бөлөйт➡️cholpon_kj Ютуб каналында.

Жаңы жылда жаңы максат!

Эртең менен эрте туруп басуум – жаңы максат коюуга, жаңы кадамга барууга үндөдү…

Жаңы жылда дагы жеке өнүгүүбүз үчүн “ЖАКШЫ АДАТ”ка умтулалы!

Таңдын атканын көрүү – өзгөчө бир рахат. Күн чыгышты карап, жашоодогу бардык жакшылыктарга ыраазычылык жөнөтүү өзгөчө бир сезимди пайда кылат. Ал сезимди “медитация” менен салыштырдым. Анын маанисин “жеке өнүгүү” боюнча маалыматтардан көп эле кезиктирип жүрөбүз.
     
Ошондуктан эртең менен эрте туруу – бул мен үчүн “Таңкы медитацияны” аткаруу. Ал болсо өзүнө бир катар аракеттерди камтыйт. Мисалы, ачкарын жылуу суу ичүү, аудио-китеп угуу, 40мүнөттөн ашык басуу…
     
Буларды аткаруу “өзүңө” дагы ыраазычылыкты жаратат. Ал болсо андан аары кыймылдоого күч(ЭНЕРГИЯ) берет. Бул күч – алдыга жаңы максат коюга, аны ишке ашырууга түртөт!
     
Азыр кыш, караңгы, күн суук деп эрте туруу кыйынга турса – даана ушу учур эң ыңгайлуу экен деп кошумчалай кетейин. Себеби күн кеч чыккандыктан 7ден өтүп турса да “Таңдын атканын” көрүүгө болот. Ал учун демейдегиден “5 мүнөт” эле эрте турганга аракет кыла баштоо керек…

Эрте туруу менен жеке өнүгүүгө умтулган замандаштарга ийгилик каалап, ЧолпонК.

#1 Эрте туруп сергек жашоо тууралуу/일찍 일어나 건강한 삶에 대한 이야기YouTube

Cholpon_KJ photo.

%d bloggers like this: