Жашоону өзгөрткөн китеп окуу!

Бул жолку блог китеп окуш керек эле деп, бирок китепти ачканда эле уйкусу келген, же ар кандай шылтоо менен китепти жапканга шашкан замандаштарга арналат!

Ошондой эле китеп окуу менен өзгөрүүгө, өнүгүүгө умтулган замандаштарга арналат!

Бул видео блог, аз да болсо, жеке өнүгүүбүзгө салымын кошоор деген тилекте, ЧолпонК.

*Каналга катталып, пикир калтыруу үчүн – Ютуб “CholponKJ”…

Азыркы “LIKE👍”дын мааниси.

Кайсы бир убакыттан бери “виртуалдык дуйнө”дө жашап калдык. Мунун “чыныгы жашоо”го болгон таасирин баарыбыз жакшы билебиз. Анын айрым бир учурларына токтолуп көрсөк.

Мисалы, азыр концертти(же ж.б.) театрга барып көрбөстөн, көбүнчө, Интернеттен эле көрүп коёбуз. Анын сыңары, “кол чабуу”ну дагы “онлайн”дан эле кылып жүрөбүз. Тагыраак айтканда, күйөрмандар “like басуу” менен ыраазычылыгын билдиришет. Себеби бул дагы кол чабуу сыяктуу эле “күч”кө ээ. Сахнадагы(Интернет айдыңындагы) “Талант” андан дагы энергия алып, чыгармачылыгында көбурөөк ийгилик жаратышы мумкун. Бул болсо likeдын “жакшы” тарабы, эми “терс” тарабына көңүл бөлсөк.

Азыркы учурдагы Интернет айдыңын чон сахнага салыштырам. Башкача айтканда, виртуалдык дүйнөнүн көпчүлүк аймагын “сахналар” ээлеп кеткен. Аны “жеке өнөрүн элге көргөзгөн” ар кандай форматтагы маалыматтар камтыйт. Мисалы, видео, макала, же жөн эле комментарий ж.б.

Кыскасы, адамга эргүү берип, жакшы иш-аракетке түрткөн маалымат сыяктуу эле, жаман жолго түртө турган маалымат да көп. Жаман жолго деп сөзсүз эле жаман ишке баруусу эмес, психикалык, моралдык жактан жабыркоого алып келген учурлар белгиленген.

Мисалы, илгери, “Көчөдөн тентектерге жоолугуп калбасын” деп ата-энебиз сарсанаа болушчу. Азыр болсо үйдө кашыбызда отуруп эле”виртуал көчөсүнөн” тентектерге жоолугуп калышы мүмкүн. Андыктан, “Жолдон этият болуу керек!” деп, балдарга “жол эрежесин” үйрөткөн сыяктуу эле “Интернет көчөлөрүнөн” этият болууну үйрөтө жүрүү керек.

Ал үчүн мектепте “Интернет айдыңында өз укугун коргоо” сыяктуу сабактар, жок дегенде, чейрегине бир жолудан “милдеттик түрдө” өтүлүүсү зарыл. Андан сырткары, ата-энелер бул боюнча кабардар болуп, балдар Интернеттен, көбүнчө, эмне менен алек болгонуна көңүл буруусу маанилүү.

Ал эми likeдын терс тарабы ушу жерде катылган. Жаман маалыматты канчалык көп адам көрүп, маани берсе(like басса), ошончолук тез таратууга, даагы көбөйүүсүнө өбөлгө түзөт.

Бул маалыматты пайдалуу деп тапсаңыз лайк басып, бөлүшө кетиңиздер😉 Убактыңызды бөлүп окуганыңызга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, ЧолпонК.

%d bloggers like this: