Жакшы сөз жанды эргитет

Арада бир топ убакыт үзгүлтүкко учураса  да блог дүйнөмдү кайрадан улантууга кириштим. Ар бирибизге белгилүү болгондой Интернет дүйнөсүндө сан жеткис маалымат бар. Алардын ар бирин иргеп, керектүүсүн тандоо – асмандагы жылдыздарды саноо менен барабар. Ошентсе да, aйрым бир жылдызды тааный  билгендей,  aйрым бир баалуу маалыматты  тааный  билсек –   ал, албетте, ийгиликке  жол ачаар!

Бүгүн, көп окурмандардын жүрөгүнөн орун алган, америкалык жазуучу, оратор Д. Кэнфилд жана М. В. Хансендин Лекарство для души аттуу чыгармасы тууралуу сөз тартуу болмокчу. Бул эмгек кээде журөгүңүзгө сүйүнүч, кээде көзүңүзгө жаш алып келе турган – жашоодо болуп өткөн окуяларга күбө кылмакчы. Ошондой эле, бул китеп, эң негизгиси, “Жакшы сөз жанды эргитет …” дегендей, Сиздин  кымындай бир жылуу сөзүнүз кимдир бирөөнүн жашоосуна чоң бакыт, сүйүү жана ийгилик алып келиши мүмкүн экeндиги  тууралуу  баяндап бермекчи.

Жашооңузга көп сүйүнүч каалап, ЧолпонК.                                                        

Ийгилик сиздин өз колуңузда!

Саламатсызбы, кутмандуу окурманым!

Бүгүнкү темамды “Ар дайым сизди ийгилик коштоп жүрсүн!” деген асыл тилек менен ачкым келет. Себеби жашообуздун маңызы болгон үй-бүлө, ден-соолук, эңсеген oкуу, сүйүктүү иш жана башка толгон-токой ой-тилектер бар эмеспи. Мына ошол мүдөөнун жүзөгө ашырылышы ар бирибизди бакытка бөлөп, көкүрөгүбүздү сүйүнүчкө толтуруп келет эмеспи.

Байлык жана ийгиликке жетүү темасына көптөгөн эмгектер арналып келет. Бири табышмактатса, бири төгүлүп-чачылып бүткүл сырын ачкандай. “Эгер уксаң – унутасың, көрсөң – эстеп каласың, ал эми өзүң жасасаң – анда чындап түшүнөсүң” дегендей алган кеп-кеңештерди жүзөгө ашыруу ар бирибиздин колубузда.

Сиздин керегиңизге жарап калаар деген үмүт менен акырында  Билл Ньюмендин Десять фантастических способов добиться успеха“, сунуштап кетмекчимин.

Убактыңызды бөлүп баш бакканыңызга ыраазылыгымды билдирип,
ЧолпонК.

Убакытты сарамжалдуу пайдалануу

Саламатсызбы, Урматтуу окурманым!  

Алгач темамды жашоодо  эң маанилүү болгон убакытты туура жана сарамжал пайдаланууга арнамакмын.

Ар бир адамдын ой-мүдөөсү, алдыга койгон максаты бар. Ага жетүү үчүн, «Аракет кылса – берекет» дегендей, талыкпаган эмгек жана эмгек! Ошо эмгектенүүдө жемиштүү жыйынтыкка келиш үчүн ишти баштоодон мурда убакытты туура пландаштыруу зарыл.

Окурман, мүмкүн сиз көп жетишкендиктердин ээсисиз, мүмкүн сиз кеп-кеңештерге муктаж эмессиз, анда мен кубанычтамын. Демек сиз өз жеке гана турмушунузга эмес, жалпыга жардамыңыз тие турган инсансыз.

Эгерде кошумча маалымат ашыкча болбойт десеңиз … Анда эмесе, бул блогдун бет ачаары, дүйнө жүзүнө белгилүү бизнесмен, психолог жана мультимиллионер – Брайан Трейсинин «Управляй своим временем и удвой результаты» деген чыгармасын сунуштайм.

Билесизби, чечкиндүүлүк – бул көп ийгиликтердин туу чокусуна жеткен улуу адамдардын эң мыкты сапаты. Эгерде сиз да алардын бири болгуңуз келсе, анда убакытты бир азга да кечеңдетпей, өз максатыңызды жана аны ишке ашыруудагы кадамдарды аныктаңыз. Бул жөнүндө жана, эң негизги, убакытты туура пайдалануу боюнча кеңештерди жогорку китептен биле аласыз.

Китепти окууда берилген көнүгүүлөрду кылдаттык менен коңул бөлуп аткарсаңыз, убакытты каалашыңыздай калчап башкара аласыз деп ишенем. 🙂

Сизге албан-албан ийгиликтерди каалап,
ЧолпонК.

“Там, где есть цель, начинают сбываться мечты!”
Ильгар Абрамов.

%d bloggers like this: